Пицца үчүн даамдуу жана жумшак камыр

Ингредиенттер:

Алия СМ уну - 300 г
Жылуу суу - 200 мл
Кант - 1,5 чай кашык
Туз - 0,5 чай кашык
Кургак ачыткы - 1,5 чай кашык
Өсүмдүк майы - 2 аш кашык

Даярдоо:

Табакка жылуу суу куюңуз, кант жана ачыткы салыңыз. аралаштырыңыз. Табакты сүлгү же тамак-аш пленкасы менен жаап, ачыткы көтөрүлүшү үчүн 10 мүнөт жылуу жерде калтырыңыз. Андан кийин туз, өсүмдүк майын жана электен өткөн унду кошуңуз. Камыр жууруңуз. Ал ийкемдүү, бирок катуу эмес, колго жабышпагандай болушу керек. Аны өсүмдүк майы менен майланган табакка салып, сүлгү менен жабып, 30-40 мүнөт ичинде жылуу жерге калтырыңыз. Бир аз убакыттан кийин анын көлөмү көбөйүп, көтөрүлөт. Даяр камырды ийлеп, эки бөлүккө бөлүңүз. Камырдын ар бир бөлүгүн каалаган калыңдыкта тегерек кылып жайыңыз. Пергамент төшөлгөн табага салыңыз.

Тамагыңыз таттуу болсун!