Томат соусундагы фрикаделькалар

Ингредиенттер:

Алия СМ кылканат макарону - 200 г
Фарш – 250 г
Баш пияз (орточо) – 2 даана
Сарымсак – 4 тишче
Жумуртка (сарысы) – 1 даана
Томат пастасы – 2 чай кашык
Өсүмдүк майы – 3 аш кашык
Туз, майдаланган кара мурч – татымга жараша
Жаңы көк өсүмдүктөр (кооздоо үчүн) – 1-2 сабак

Даярдоо:

Алгач фаршты даярдоо керек: чуңкур табакка этти салып, татымга жараша туз, мурч, нан күкүмүн жана майда тууралган пиязды жана сарымсакты кошуңуз. Баарын кол менен жакшылап аралаштырып, жумуртка кошуп, бир түрдүү болгончо дагы бир жолу аралаштырыңыз. Фрикадельки жасоо: ным кол менен диаметри 4 см болгон 10 шарик жасаңыз. Аларды кайнап жаткан соуска салып, соус катуу кайнап кетпегендей отту азайтыңыз. Фрикадельки жарымынан томат соусунда болушу керек. Фрикаделькини капкакты жаап 20-25 мүнөт бышырыңыз, даяр болгончо ар бир 5-7 мүнөт сайын оодарып туруңуз. Алия СМ макаронун бышырып, сууну төгүп салыңыз. Андан ары тарелкага макаронду салып, үстүнө фрикаделькини салыңыз, каалоого жараша сүр быштакты себип коюңуз.

Тамагыңыз таттуу болсун!