Сүт менен жумшак куймак

Ингредиенттер:

Сүт - 1л
Жумуртка 4 даана
Супер Келинка СМ уну - 500 г
Өсүмдүк майы - 2 аш кашык
Кант/Туз

Даярдоо:

Чоң табакта жумуртка менен кантты чалыңыз. Сүттүн бир бөлүгүн ысытып, туз салып жана чалынган жумуртка жана кант менен жакшылап аралаштыруу керек. Алынган аралашмага акырындык менен ун кошуп, тоголоктошуп калбашы үчүн тынбай аралаштыруу керек. бир аз сода, туз жана май кошуңуз. Аралаштырыңыз. Калган сүттү кошуп, чалыңыз. Камыр суюк болушу керек. Табаны ысытыңыз. Куймакты эки тарабынан кызарта бышырыңыз.

Тамагыңыз таттуу болсун!