Каймак май соусундагы паста шампиньон менен

Ингредиенттер:

ТМ Алия спагеттиси
Шампиньон 100 г
Пияз 1 даана
Кам каймак 20% 150 мл
Катуу сүр быштак 30 г
Сарымсак 1 тишче
Майдаланган кара мурч
Туз
Өсүмдүк майы

Даярдоо:

Пияздын кабыгын аарчып, аны муздак сууга жакшылап жууңуз. Майда кубик кылып туурайбыз. Шампиньондун калпагынан кабыгын сыйрып, козу карындын бутун бир аз кесебиз. Козу карынды жука билип, буту менен бирге бүтүн бойдон туурайбыз. Пиязды орточо отто аз өлчөмдө майда кызарганча куурабыз. Буга болжол менен 7 мүнөттөй убакыт кетет. Пиязга козу карынды жана майдаланган сарымсакты кошобуз, орточо отто 5 мүнөттөй куурабыз. Козу карынды кызарганча кууруш керек. Спагеттини тангактагы нускаманы сактоо менен, туз салынган кайнаган сууда даяр болгончо бышырыңыз. Козу карынга муздак кам каймакты куябыз, татымалдарды салып, туз кошуп, аралаштырабыз. Козу карынга муздак кам каймакты куябыз, татымалдарды салып, туз кошуп, аралаштырабыз. Козу карынды каймак май соусунда жай отто 2-3 мүнөт ысытабыз, кам каймак коюу тартып, өзүнө татымалдардын жана шампиньондун жытын сиңирип алышы керек.️ Тарелкага бышырылган спагеттини салып, үстүнө соустан шампиньондорду салып, каймак май соусунун өзүн куябыз, майда тууралган пармезан сүр быштагын жана бир чымчым прованс чөптөрүн себебиз.

Тамагыңыз таттуу болсун!