Каймак май соусундагы паста козу карын менен

Ингредиенттер:

«Супер Келинка» СМ буралма - 250 гр
Тооктун сулп эти - 300 гр
Баш пияз -1 даана
Сарымсак - 3 тишче
Кам каймак 10% - 150 мл.
Өсүмдүк майы - 2 аш кашык
Кара мурч, туз, көк өсүмдүктөр - татымга жараша

Даярдоо:

Буралма макаронун туз салынган сууда даяр болгончо бышыруу керек. Алар бышып жатканда, даамдуу жана тоюмдуу соус даярдоо керек. Табада майды ысытыңыз. Тооктун сулп этин майда кубик кылып туураңыз. 2-3 мүнөт кууруп, аралаштырыңыз. Пияз жана сарымсакты кубик туурап, табага кошуңуз. Тузду татымга жараша кошуңуз. Баарын 5 мүнөт бышырыңыз. Андан кийин бир аз суу кошуп, дагы 5 мүнөт татымалдар менен этти демдеп бышырыңыз. 10% кам каймак куюңуз, отту азайтып, даяр болгончо бышырыңыз (негизинен 5 мүнөт жетиштүү). Тарелкага буралманы салып, үстүнө – соустагы тоок этин салып, көк өсүмдүктөр жана кара мурч менен кооздоңуз.

Тамагыңыз таттуу болсун!