Эттүү жайма

Ингредиенттер:

Алия СМдан жайма - 8 даана
Катуу сүр быштак - 170 гр
Пармезан - 50 гр
Эт фаршы - 380 гр
Баш пияз - 1 даана
Сабиз - 1 даана
Зайтун майы - 2 аш кашык
Помидор - 1 даана
Томат пастасы - 35 гр
Суу 100 мл
Чөптөр аралашмасы жана туз

Даярдоо:

Болоньезе эт соусун даярдоодон баштаңыз. Баш пиязды жууп, тазалаңыз жана майда туураңыз. Сабизди жууп, тазалаңыз, чоң туурагычтан өткөрүңүз. Зайтун майы бар табада пиязды кызарганча кууруңуз, күйүп кетпеш үчүн улам аралаштышып туруңуз. Сабизди кошуп, аралаштырыңыз. Жашылчаларды жумшарганча 5 мүнөттөй орточо отто кууруңуз. Табага фаршты салып, аралаштырыңыз. Фаршты түсү өзгөргөнчө 10 мүнөттөй кууруңуз. Помидордун кабыгын сыйрып алыңыз, андан кийин туурагычтан өткөрүңүз. Фаршка томат пюресин жана томат пастасын кошуп, суу куюңуз, туз салып аралаштырыңыз. Соусту капкагын жаап жай отто 10 мүнөттөй демдеп бышырыңыз. Италия чөптөрүн же башка татымалдарды татымга жараша кошуп, аралаштырыңыз. Дагы 10 мүнөт демдеп бышырыңыз. Алия СМдан жайманы даярдаңыз. Кайнаган сууда 2-3 мүнөт бышырыңыз. Жайманын үстүңкү катына бешамель соусун шыбап, майдаланган пармезанды себиңиз. Жайманы 180 градуска чейин ысытылган духовкада 35 мүнөт бышырыңыз. Эттүү жайманы ысык бойдон бериңиз.

Тамагыңыз таттуу болсун!