Кесме сосиска менен

Ингредиенттер:

Алия СМ кесмеси
Өсүмдүк майы - 1 аш кашык
Пияз- 1 даана
Сосиска - 2-3 даана
Томат пастасы - 1 аш кашык
Сарымсак тишчеси - 1 даана
Туз, эт үчүн татымалдар, майдаланган кара мурч - татымга жараша
Катуу сур быштак - 40 г
Кооздоо үчүн тармал ашкөк

Даярдоо:

Кесмени кайнап жаткан туз кошулган сууга салып, даяр болгончо бышырыңыз. Сосисканы 0,5 см калыңдыкта тегерек кылып туураңыз. Тазаланган пиязды майда туурап, табага салыңыз, өсүмдүк майын жана каймак майын кошуңуз. Пиязды орточо отто жумшарганча кууруңуз, андан кийин сосисканы кошуңуз. Пияз менен сосиканы кызарганча кууруңуз, андан ары табага томат пастасын, тузду, татымалдарды кошуп, ысык суу куюп, аралаштырыңыз. Жай отто 5 мүнөттөй демдеп бышырыңыз. Акырында майдаланган сарымсакты кошуп, дагы 1-2 мүнөт ысытып, плитканы өчүрүңүз. Кесмени сосискалар бар соуска салып, аралаштырыңыз. Табаны оттон албай туруп, майдаланган сүр быштакты жана майдаланган көк өсүмдүктөрдү себиңиз. Табаны капкак менен жаап, сүр быштак эригенче аны жай отто кармоо керек (2-3 мүнөт).

Тамагыңыз таттуу болсун!