ЖЧК «КазГрейн» - жогорку сапаттагы ундан- Казахстандын талаасынан тандалып алынган буудайдын сортторунан – «Алия» унунан макарон азыктарын чыгарган Кыргызстандагы биринчи өндүрүш.
Ун европалык стандарттагы «Alapala» эң жаңы турциялык жабдууларда чыгарылат. Суткасына буудайды иштетип чыгуу кубаттулугу 250 тонна, даяр продукцияын чыгышы – суткасына 90 тонна түзөт.
«Алия» макарон азыктары швейцариялык BUHLERS компаниясынын жабдууларында чыгарылат. Жабдуулардын өндүрүмдүүлүгү суткасына 2000 кг түзөт.
Компаниянын бардык продукциясы тастыктамаланган. Сапат менеджментинин жана коопсуздук системасы эл аралык ISO 9001:2008 и ISO 22000:2005 стандарттарына жооп берет.
«Алия» компаниясы продукциянын сапатын анын чыгышынын ар бир этабында кылдаттык менен текшерип турат. Ал үчүн компанияда бир нече лабораториясы менен жеке сапат кызматы уюшулган жана иштеп жатат, алар франциялык «Infraneo» өндүрүшүнүн атайын жабдуулары менен жабдылган жана ал Кыргызстанда жападан-жалгыз аппарат болуп саналат.
Сапатты көзөмөлдөп туруу үчүн ишканада атайын лабораториялык изилдөө кызматы уюшулган, ал алдыңкы технология жана жабдуулар менен жабдылган, бардык этабында– сырьену алгандан баштап даяр продукциянын чекене соода түйүндөрүнө жеткенге чейинкисин, ар бир продукттун өзгөчөлүгүн жана мүнөздөмөсүн баалап жана көзөмөлдөп турууга мүмкүн болот.
Өндүрүүнүн салттык ыкмаларын заманбап жабдуулар менен айкалыштырып, ошондой эле сапаттын катуу көзөмөлгө алынышы, окшош импорттук продукциядан кем болбогон продукцияны чыгарганга мүмкүндүк берет. Бул, «Жыл тандоосу 2014» сыйлыгы менен тастыкталган.